Новости
КМТУДА ЕВРАЗИЯЛЫК ЛОГИСТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ СИМПОЗИУМ ӨТТҮ 2026-жылдын 11-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде XVIII Евразиялык илимий форумдун алкагында «Евразиялык логистика бүгүн жана эртең» аттуу эл аралык илимий симпозиум онлайн форматта өткөрүлдү. Симпозиумга Эл аралык жогорку логистика мектебинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Азык Абдыкасымовна Орозонова модераторлук кылды. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Евразия аймагындагы башка өлкөлөрдүн илимий жана академиялык чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Симпозиумда ЕАЭБдин эл аралык транспорттук коридорлорун өнүктүрүү, жеткирүү чынжырларынын өзгөрүшү, мультимодалдык ташуулар жана транспорттук-логистикалык интеграциянын келечеги талкууланды. Кыргызстандын Евразиядагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду. А.А. Орозонова «Евразиялык логистикалык чынжырлардын трансформациясы шартында ЕАЭБдин эл аралык транспорттук коридорлорун өнүктүрүү» темасында илимий баяндама жасады. Симпозиум эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого жана логистика тармагында тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү. #КМТУ #ЭлАралыкЖогоркуЛогистикаМектеби #ЕвразиялыкИлимийФорум #Логистика #ЕАЭБ #Кыргызстан #Илим ЕВРАЗИЙСКАЯ ЛОГИСТИКА: МЕЖДУНАРОДНЫЙ НАУЧНЫЙ ДИАЛОГ В КГТУ 11 ноября 2026 года в КГТУ им. И. Раззакова в рамках XVIII Евразийского научного форума состоялся международный научный симпозиум «Евразийская логистика сегодня и завтра». Модератором выступила Азык Абдыкасымовна Орозонова — заместитель директора по научной работе Международной высшей школы логистики, кандидат экономических наук, доцент. В мероприятии приняли участие представители научного и академического сообщества Кыргызстана, России, Беларуси и других стран Евразии. Участники обсудили развитие международных транспортных коридоров ЕАЭС, трансформацию цепей поставок, мультимодальные перевозки и перспективы транспортно-логистической интеграции. Особое внимание было уделено роли Кыргызстана в евразийской логистике. А.А. Орозонова представила доклад «Развитие международных транспортных коридоров ЕАЭС в условиях трансформации евразийских логистических цепей». Симпозиум способствовал укреплению международного научного сотрудничества и обмену опытом в сфере логистики. #КГТУ #МВШЛ #ЕвразийскийНаучныйФорум #Логистика #ЕАЭС #Кыргызстан #Наука
Отбор заявок проекта GIZ проводился с целью определения среди высших учебных заведений Казахстана, Кыргызстана,Таджикистана и Узбекистана, заинтересованных в совместной разработке типовой учебной программы бакалавриата по направлению «Логистика»
