Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новость


2019-жылдын июнь айынын 17синен 28не чейин И. Раззаков атындагы КМТУ менен Алматы Технологиялык факультетинин ортосундагы эл аралык Меморандумдун негизинде факультеттин 34 студенти Алматы шаарында өндүрүштүк практикасын ийгиликтүү өтүп жатышат. Ушул эле мезгилде АТУнун студенттери (52 студент) окуу жана өндүрүш практикасын өтүү үчүн Бишкек шаарынын КМТУ кафедраларынын практика базаларында – өлкөнүн алдыңкы өндүрүш ишканаларында практика өтүшүүдө. Мисалы: “Супара этно-комплекси”, "Риха", “Баркад”, «Семейные традиции», «Артезиан»,  Куликовский», «Наша Марка», «Кондитория», “Азиар” ж.б. жоопкерчилиги чектелген уюмдары.

Практиканын аягында студенттер Технологиялык факультеттин тиешелүү багыттындагы кафедраларында отчетторун тапшыруусу керек.

Эки тараптын тең студенттери эки өлкөнүн алдыңкы өндүрүш мекемелеринде практикаларын өтүп гана тим болбостон, боордош элдин маданияты, Мекени, үрп-адаты, каада-салты менен таанышып, дүйнө таанымын кеңейтүүгө мүмкүндүк ала алышты.