Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


                       И. Раззаков атындагы КМТУнун  Кыргыз тили кафедрасы тарабынан 20-январда Кыргыз совет тилчиси, улуттук  туңгуч  лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, алп агартуучу  Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына  карата орфографиялык эрежелердин негизинде иштөө , айрым сөздөрдүн туура жазылышы  жана иш кагаздары боюнча  окутуучулар үчүн атайын  сабак уюштурулду.  Сабак оnline  форматында өткөрүлдү. Сабакты кафедранын доценти  А. У. Исмаилов өттү. Online  сабакка 30дан ашуун окутуучулар катышып, каталардын үстүндө иштөөдө  түшүнбөгөн  суроолоруна жоопторду жана керектүү маалыматтарды  ала алышты.