Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


2020- жылдын 2-ноябрында И. Раззаков атындагы КМТУда  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик тил боюнча  улуттук комиссиясы тарабынан “Тилим жүрөгүмдө” акциясы жыйынтыкталды. Аталган  акцияга республикабыздагы  бардык окуу жайлардынстуденттери, мектеп окуучулары  жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты.

Салтанатту жыйынды И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору, профессор      М. Дж. Джаманбаев ачып берди. КР Президентине караштуу  Мамлекеттик тил боюнча  улуттук комиссиясынын төрагасы  Н. И. Ишекеев иш-чарага активдүү  катышкан мекемелердин кызматкерлерине , ЖОЖдордун өкүлдөрү жана студенттери катышты, андан сырткары аймактагы ЖОЖдордун өкүлдөрү ZOOM платформасы аркылуу катыша алышты.

Белгилей кетсек, акция 2020-жылдын14-сентябрынан 14- октябрына чейин өткөрүлгөн. Акцияга  И. Раззаков атынагы  КМТУнун Кыргыз тили кафедрасынын окутуучу-профессордук курамынын жетекчилиги астында 53 видеоролик  даярдалды. Бардык видеороликтер Фейсбук, Инстаграм жана башка социалдык тармактарга  жайгаштырылып, эң мыкты деп аталган студенттерге И. Раззаков атындагы КМТУда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик тил боюнча  улуттук комиссиясы тарабынан кызыктыруучу сыйлыктарга  ээ болушту.