Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


«Youtube» тиркемесиндеги, «Temirov live» жеке менчик каналындагы берилген тендер жөнүндөгү көрсөтүү боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин укук иштери боюнча бөлүмү төмөндөгүлөрдү маалымдайт. 
Азыркы учурда көрсөтүлгөн  видеоматериалдар боюнча ички териштирүү иштери жүрүп жатат. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгы боюнча, видеоматериалдардагы көрсөтүлгөн берүүдөгү өткөрүлгөн тендерге тиешеси бар окуу жайынын кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын талаптарын бузгандыгы аныкталса, аларга мыйзам чегинде административдик дисциплинардык жаза чаралары колдонулат.
Андан тышкары тендерге катышкан ак ниет эмес берүүчүлөрдүн өткөрүлгөн тендер боюнча мыйзамга каршы келген аракеттери аныкталса, аларды мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын талаптарына ылайык, алардын мындан ары ушул багытта иш жүргүзүүсүнө тыйуу салуу максатында, мамлекеттик сатып алуулар Департаментине сунушталат. 
Эскертме: Видеоматериалдагы көрсөтүлгөн тендерлер боюнча окуу жайына эч кандай материалдык зыяндар келтирилген жок.


Oops, an error occurred! Code: 202404242050370fba1f04