Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


КУТТУКТАЙБЫЗ!!!

         КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан И. Ахунбаев атындагы КММАда  “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил    жөнүндө” мыйзамынын кабыл алгандыгынын 32 жылдыгына карата жарыяланган айлыктын жыйынтыктоочу салтанаттуу иш чарасы  болуп өттү. 
         Иш чаранын жүрүшүндө  И. Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз тили кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Жумагул кызы Айнура жигердүү катышкандыгы үчүн КМТУ ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ жана аталган кафедранын окутуучулары “Окурмандын китеп текчеси” китеп сериясы менен сыйланышты.