Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


 

                2021-жылдын 13-декабрда  Улуттук адабият күнүнө карата И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз тили кафедрасы жана  Кыргыз Республикасынын Эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясы менен биргеликте "Дили бир адамдын дили агарат, жан дүйнөнү бириктирет адабият " аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Поэзия кечесинин өзгөчөлүгү – «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын жаш акындарынын,  КМТУнун Кыргыз  тили кафедрасынын жана 1-курстун жаш акын-студенттери менен бирдикте театрлаштырылган көркөмдүк деңгээли жогору, тилдик каражаттарга бай, ойго канык жалаң гана автордук ырлары окулду.  Кеченин биргелешип уюштурулушуна КРнын Эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын жетекчиси Н. Н. Маамытбаевге жана академиянын мүчөлөрүнө эң сонун чыгармалары үчүн  терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Ошондой эле Кыргыз тили кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук курамынын аткаруусундагы залкар жазуучу Ч. Айтматовдун  калемине таандык «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу чыгармасы жалпы көрүүчүлөрдүн көңүл ордонунун тереңинен орун алды. Поэзия кечеси эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Көрүүчүлөр таланты ташкындаган жаш акындардын орошон ырларын угуп, чер жазып кетишти.

           Чыгармачылыгыңыздар артып, калемиңиздер курчуп, сыяңыздар эч качан кургабасын, урматтуу кыргыз адабиятынын  өкүлдөрү!