Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новости


2021-жылдын 23-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия   Мамлекеттик тил күнүнүн урматына            И. Раззаков атындагы КМТУнун чоң жыйындар залында мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн, журналисттердин ж.б. катышуусунда  кереге кеңеш өткөрдү. 

             Иш-чаранын соңунда Кыргыз  Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы  Мусаев Сыртбай Жолдошевич мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө салым кошкондугу үчүн бир нече  кызматкерлерге “Кыргыз тили” төш белгиси жана Ардак Грамоталарды тапшырды.  Сыйлык алгандардын ичинде  И. Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Жумагул кызы Айнура жана ушул эле кафедранын улук окутуучусу Осмон кызы Нургүл дагы   АРДАК ГРАМОТА  сыйланышты.

Ошондой эле, кереге кеңешке улай университетте Мамлекеттик тил күнүнө жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу кече өткөрүлдү.  Салтанаттуу кечеде Кыргыз тили кафедрасы тарабынан даярдалган Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык  драма театырынын актеру, режиссер ϴмʏрбек Израиловдун жардамы менен университетибиздин 1-2-курсунун студенттеринин катышуусунда  алгачкы   агартуучу, коомдук ишмер К.Тыныстановдун ѳмʏр жолун чагылдырылган "Өмүр жана өкүнүч" аттуу спектакли коюлду.

Андан соң  Кыргыз тили кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы толугу менен жана  Технология факультетинин  студенттеринин катышуусунда  “Айкѳл Манас”  хору менен салтанаттуу кече жыйынтыкталды.

          Аткарылган ар бир номерлер коноктордун жана кѳрʏʏчʏлѳрдʏн терең арзуусуна татыды.

         Улуттар арасында Мамлекетибиздин эркин эгемендʏʏ ѳлкѳ экендигин тастыктаган, тактаган Кыргыз тили кылымдарга аты ѳчпѳстѳн ѳсѳ  беришине тилектешпиз!

          Бар бол, КЫРГЫЗ ТИЛИМ!!!