Жарыялар
Кыргызстандын «Өнүгүү үчүн өнөктөштүк» эл аралык тоо-кен форуму
Бишкек шаарында тоо-кен-металлургия индустриясынын лидерлерин чогултат
«Өнүгүү үчүн өнөктөштүк» аттуу эл аралык тоо-кен форуму — бул жылдын маанилүү тармактык B2B - аянтчасы болуп эсептелет жана ал 2025-жылдын 15–16-октябрында Кыргызстандын Бишкек шаарында өтөт.
Форум тоо-кен металлургия тармагынын лидерлеринин, жабдууларды жана кызматтарды жеткирүүчүлөрдүн, инвесторлордун, окумуштуулардын, окутуучулардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуулары үчүн беделдүү B2B аянтчасы болуп саналат.
Бул уникалдуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат:
• Жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана өнөктөштөрдүн тармагын кеңейтүү.
• Эл аралык деңгээлде компанияңызды, өнүмдөрдү жана инновациялык чечимдерди көрсөтүү.
• Алдыңкы тармактык эксперттер менен тажрыйба жана билим алмашуу.
• Тоо-кен металлургиялык комплекстин учурдагы тенденцияларын жана өнүгүү перспективаларын талкуулоо.
• Инвестиция жана кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө.
• Өздүк чечимдериңизди көрсөтүү жана рыноктун тенденцияларын талкуулоо.
Программага төмөнкүлөр кирет: министрлер жана тоо-металлургиялык компаниялардын, илимий жана окуу жайлардын жетекчилери менен пленардык жыйындар; геология, тоо-кен иштери, маркшейдердик иш, туруктуу өнүгүү жана санариптештирүү боюнча тематикалык сессиялар; B2B көргөзмөсү жана алдын ала уюштурулган бизнес жолугушуулар.
👉 Толук программа, катышуу шарттары жана каттоо расмий сайтта: https://kstu.kg/bokovoe-menju/konferencii/mezhdunarodnyi-gornyi-forum

