Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


Жалпы республикалык жат жазуунун жыйынтыгы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 15-майында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жалпы республикалык “Сабаттуу бол” өнөктүгүн жат жазуу түрүндө өткөрдү.

 Ага катышкан 147 ЖОЖдун жана кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын ичинен эң жакшы деген баа алган И. Раззаков атындагы КМТУ нун Технологиялык факультетинин улук окутуучулары:

 Рысбекова Дилбара Акжоловнаны (“Кыргыз тили” кафедрасы) жана

Азисова Мунара Азисовнаны (“Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” кафедрасы)

КУТТУКТАЙБЫЗ!!!

Окутуучуларга чың ден соолук, бакыт таалай,  иштерине ийгилик каалайбыз!

Айта кетчү жагдай БАЗ-1 дарсканасындагы жат жазууга 147 адам катышып, төмөндөгүдөй жыйынтык көрсөтө алышкан:

 “5” – 5,

 “4” – 16,

 “3” – 52,

“2” – 61,

“1” – 4,

“0” – 9 (интернеттен көчүргөндөр).