Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2020-жылдын 18-декабрында Кубан Мамлекеттик Технологиялык Университетинде "Россиянын маданиятынын адамдык горизонту" вебинары болуп өттү, ага Россия, Армения, Казакстан жана Кыргызстандан окутуучулар жана студенттер катышты. Вебинар Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин колдоосу менен "Россия менен болгон маданий жана кесиптик чөйрөлөрдөгү тарыхый байланыштарды актуалдаштыруу аркылуу чет элдик жаштар чөйрөсүндө орус тилин үйрөнүүгө түрткү берүү” аттуу программасынын алкагында.

Вебинарда "Чыңгыз Айтматов - Улуу Кыргыз" доклады менен "Орус тили" кафедрасынын башчысы Барсанаева Жамиля Сагыналиевна сөз сүйлөдү. Доклад Россия менен байланыш концепциясынын көз карашынан иштелип чыккан жана улуу жазуучунун туулган күнүнө дал келген.

Кафедранын ага окутуучусу Ибраимова Элмира Курманбаевна "Кыргызстандын жаш илимпоздору" докладын жасады. Анын доклады дүйнөдөгү ири университеттерде илимий изилдөө жаатында иштеген жаш илимпоздорго арналган.

Вебинарды ссылка аркылуу коро аласыздар: https://m.youtube.com/watch?v=UyrYXa77GsE&feature=youtu.be&noapp=1