Новости

КМТУда кардарлардын укуктарын коргоо боюнча конок лекциясы өттү

КМТУда кардарлардын укуктарын коргоо боюнча конок лекциясы өттү

2026-жылдын 27-мартында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Экономика жана бизнес жогорку мектебинин базасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан «Кыргыз Республикасында кардарлардын укуктарын коргоо» темасында конок лекциясы өткөрүлдү.

Иш-чарага М(б)-1-25, ЭУП(б)-1-25 жана ЭУП(б)-2-25 тайпаларынын студенттери катышты. Лекциянын алкагында метрологиялык көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери Абдыракманова Айсулуу Жанышбековна жана Жаманкулова Алтынкыз Сыргабековна студенттерге кардарлардын укуктарын коргоо боюнча маалымат беришти.

Конок лекция презентация, видеоматериалдар жана суроо-жооп форматында өтүп, студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду.

#КГТУ

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар