Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2020-жылдын 12-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде белгилүү илимпоз жана мугалим, Эл аралык инженердик академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Баткибекова Мира Баткибековнанын мааракесине арналган Эл аралык илимий-практикалык интернет-конференциясы "Тамак-аш жана текстиль өнөр жайындагы техника-технологиялык форум" өткөрүлдү.

Конференцияга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын университеттеринин (Новосибирск мамлекеттик агрардык университети, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Алматы технологиялык университети, С. Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык университети, Бухара инженерлик-технологиялык институту, Тажикстандын Технологиялык университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Ош технологиялык университети, И.Раззаков атындагы КМТУ, И.Раззаков атындагы КМТУнун Химико-технологиялык илимий-изилдөө институту) окумуштуулары 60тан ашуун докладдары менен катышышты. Университеттердин өкүлдөрү өздөрүнүн куттуктоо сөзүндө профессордун илим жана билим берүү тармагындагы жогорку эмгегин, анын талантын, кең илимий көз карашын белгилешти жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чарбасындагы ар кандай тармактары үчүн миңдеген адистерди даярдап бергендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Конференция төмөнкү багыттарда өттү:

● химия жана химиялык технологиялар

● тамак-аш технологиясы

● технологиялык машиналар жана жабдуулар

● жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы

● заманбап билим берүү технологиялары

Учурдун актуалдуу маселелери боюнча берилген докладдар чоң кызыгууну жана талкууну жаратты. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жогорку деңгээли, алардын практикалык багыты жана окумуштуулардын күч-аракеттерин, биринчи кезекте, региондук көйгөйлөрдү чечүүдө бириктирүү зарылдыгы белгиленди.