Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


Урматтуу Дамира Балтабаевна !

Сизди 80 жылдык торколуу тоюңуз менен И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин Технология факультетинин деканаты жана “Химия жана химиялык технология”кафедрасынын жамааты чын-журөктөн куттуктайт!

Ушул күнү Сизге чын дилден ыраазычылык жана терең урмат-сыйдын сөздөрүн айткыбыз келет. Биз Сиз менен сыймыктанабыз . Сиз өзгөчө жана уникалдуу инсансыз. Сизди билүү, жаныңызда болуу, Сиз менен чогуу иштөө биз үчүн зор бакыт. Сиздин педагогикалык акыл топтомуңуз, алысты көрө билгендигиңиз, изденгичтигиңиз жана айоо мүнөзүңүз, бүткүл чыгармачылык кудуретиңиз келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгыныз менен кадырлоого ээ болгон инсансыз.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте билим менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы билим аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн Сизге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Алгач Фрунзедеги политехникалык институттун (ФПИ) бүтурүүчүсү болуп, окууну ийгиликтүү аяктаган соң Илимдер академиясында кызмат кылдыңыз. 1971-ж.кандидаттык диссертацияны жактап, доценттике жеттиңиз. “Химия жана Химиялык Технологиялар” кафедрасында 1983-жылдан баштап улук окутуучу , доцент, профессор болуп иштеп келе жатасыз . Көп жылдар бою окуу-иштери боюнча декандын орун басары болуп ийгиликтүү иш алып бардыңыз. 2012-жылы И.Раззаков атындагы КМТУнин профессору деген наамга татыктуу болдуңуз жана азыркы убакытка чейин кафедра башчысы болуп жемиштүү иштеп жатасыз. 90дон ашык Илимий, усулдук иштердин (окуу китебинин, монографиянын, патенттин) автору болуп, ошону менен бирге студенттердин илимий иштеринин жетекчиси болуп иштеп келесиз.

15 жылдан ашык шаардык, областтык жана Республикалык химия боюнча олимпиадаларынын уюштуруучусу жана калыстар тобунун төрайымынын орун басары болуп Кыргызстандын мектеп окуучуларынын химия сабагына болгон умтулуусун жогорулатып жатасыз. Көп жылдык үлгүлүү иштегениңиз жана Кыргызстан үчүн миңдеген инженер, технологдорду даярдоого кошкон салымыңыз үчүн “Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги”, КМТУнин Билим берүү жана Илим министрлигинин, КР Профсоюздар комитетинин, Бишкек мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйландыңыз.

Сизди дагы бир ирет торколуу тоюңуз менен куттуктап, чың ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана талыкпас эмгек каалайбыз!

Урматтоо менен

Технологиялык факультетинин деканы, Химия жана химиялык технология

химия илимдеринин доктору,профессор. кафедра башчысынын орун

_________________ Джунушалиева Т.Ш. басары, доцент.

_____________Сырымбекова Э.И.

 

Келечеке кызмат кылдыңыз,

Сексенге бүгүн толдуңуз.

Сыйласак Сизди бейиш бар,

Биз үчүн бийик ордуңуз.

 

Биз үчүн аппак тилегиңиз,

Билебиз, туюп, сезебиз.

Кай жерде журсөңүз да,

Жумуш деп согот жүрөгүңуз.

 

Эл үчүн кызмат кылгын деп,

Жаш муунга билим бердиңиз.

Раззаков Университетинде,

Бактылуу эжей болдуңуз.

 

Окутуп көптү үйрөткөн,

Ойлонтуп көркөм сүйлөткөн.

Аябай акыл кеңешин,

Айдаган химия кемесин.

 

Токсонду кадам таштаңыз,

Тоолордо гүлүн жыттаңыз.

Жараткан Сизге дем берип,

Кылымдын чайын ууртаңыз