Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


«Орус тили» кафедрасынын кызматкерлери жана 1-курстун студенттери И.Раззаков атындагы КМУнун ректорунун атына Башкир Мамлекеттик университетининен чакыруу алышты,  2020-жылдын 15-ноябрында ишин баштай турган чет өлкөлүк студенттер үчүн "Россияда окуу жана эс алуу" онлайн-мектебине катышуу үчүн. Студенттер Россиядагы кесиптештери менен байланыш түзүү жана орус тилинде алган таасирлери жана билимдери менен бөлүшүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк алышат. Биз бул уникалдуу мүмкүнчүлүктү орус тилиндеги коммуникативдик компетенттүүлүктү өркүндөтүү жолу деп эсептейбиз.

 

Биринчи курстун студенттери онлайн-мектепке жана алмашуу программасынын бардык иш-чараларына катышкандыгына абдан кубанычта.

 

Учурда катышуу үчүн бош орундардын саны жана катышуу үчүн студенттердин тизмесин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чакыргандыгы үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору, профессор Джаманбаев Мураталы Джузумалиевичке жана Башкир мамлекеттик университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.

 

Эл аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында, кафедранын окутуучулары “Орус тили чет тили жана аны окутуунун методикасы” программасынын алкагында квалификациясын жогорулатуу сунушун алышты.