Новости
КМТУда студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү
2025-жылдын 12-ноябрында
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Санариптештирүү шартында мамлекеттик каржылык көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу — экономикалык коопсуздуктун негизи катары» аттуу ички студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чараны «Экономика жана ишкананын башкарылышы» кафедрасы жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл кызматы биргеликте уюштурушту.
Конференциянын максаты — студенттердин экономика жана каржы тармагындагы билимдерин тереңдетүү, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана учурдагы экономикалык, каржылык маселелерди чечүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.
Бул иш-чара студенттер үчүн илимий идеялар менен алмашуу, өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштоо жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн маанилүү аянтча болуп берди.
Конференциянын ачылышында Экономика жана бизнес жогорку мектебинин директору Сыдыкова Ч.К. жана Финансылык көзөмөлүун стратегиялык пландаштыруу жана тышкы ишмердүүлүктү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Арыков Р.А. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Модераторлук милдетти «Экономика жана ишкананын башкарылышы» кафедрасынын башчысы, профессор Сулайманова Б.Ж. аткарды.
Жыйынтыгы боюнча Финансылык көзөмөл кызматкерлеринен түзүлгөн калыстар тобу төмөнкү студенттерди сыйлады:
1-даражадагы дипломдор — Акматов Айтегин (ЭУП-1-22), Усенкожоева Аяна (ФК-2-23);
2-даражадагы дипломдор — Бекболотова Алия (ФК-2-23), Валиева Жаркынай (ФК-2-23);
3-даражадагы дипломдор — Расулова Джаннэт (ЭУП-1-22), Шамаматов Бейбарс (МТЭ-1-24).
Мамлекеттик тилдеги баяндамасы үчүн Атырова Мираида (ЭУП-1-22) өзгөчө диплом менен сыйланды.
Конференциянын жыйынтыгында жеңүүчүлөрдүн илимий жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл кызматы тарабынан ыраазычылык каттары тапшырылып, жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленди.
Бул конференция студенттик илимий коомчулуктун биримдигин чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл кызматы менен кызматташтыкты жана илимий тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

