Новости

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин делегациясы Корея Республикасынын Far East University университетине расмий сапар менен барды

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин делегациясы Корея Республикасынын Far East University университетине расмий сапар менен барды

2025-жылдын 5-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев башында турган делегация Корея Республикасынын Far East University (FEU) университетине барды

Сапардын негизги максаты — билим берүү жана илимий-техникалык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле КМТУ, Far East University, HS Solar Energy Co., Ltd. жана Chungbuk Technopark (CBTP) ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү болду. 

Тараптар жаңылануучу энергетика, инновациялар жана технология алмашуу багыттарындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Программа алкагында КМТУ делегациясы Far East University университетинин президенти менен жолугушуп, изилдөө лабораториялары жана инновациялык борборлор менен таанышты. 

Ошондой эле делегация Chungbuk Technopark түзүмүндөгү күн технологияларын тестирлөө жана сертификациялоо борборуна жана Чхонджу шаарындагы аккумуляторлордун коопсуздугун изилдөө борборуна барды.

Жолугушууда өзгөчө көңүл КМТУ базасында ишке ашырылуучу 10kW Solar–ESS–EV Charging Station аттуу пилоттук долбоорго бурулду. 

Бул долбоор күн энергетикасы жана туруктуу өнүгүү жаатындагы заманбап чечимдерди университеттик инфраструктурага киргизүүгө багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен изилдөөлөр жана практикалык долбоорлор аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Ошондой эле кореялык өнөктөштөр 2025-жылдын декабрь айынын ортосунда КМТУга иш сапар менен келип, кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу жана биргелешкен демилгелерди тереңдетип талкуулоо ниетин тастыкташты.

 

#КГТУ

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар