Новости

КМТУнун студенти дүйнөлүк жаш лидерлер конференциясына катышат

КМТУнун студенти дүйнөлүк жаш лидерлер конференциясына катышат 

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чоң сыймык менен билдирет: ИЗГ(б)-1-24 тобунун студенти Зунунова Нуриза Мураталиевна Кыргызстанды жана КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп 2025 World Internet Conference Global Youth Leadership Program (WIC GYLP) эл аралык программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Бул абройлуу программа дүйнөнүн 120дөн ашуун өлкөсүнөн келген 20 жаш лидерди чогултуп, санариптик технологиялар, инновациялар жана келечектеги илимдин өнүгүшү боюнча өз идеяларын жана долбоорлорун сунуштоого шарт түзөт.

2025-жылдын 6–10-ноябрында Нуриза Кытайда өтө турган дүйнөлүк саммитте Кыргызстанды жана университетибиздин инновациялык жетишкендиктерин тааныштырат.

Өз кезегинде КМТУ студентинин ийгилиги менен сыймыктанат жана анын бул катышуусу Кыргызстандык жаштар үчүн билимге, лидерликке жана дүйнөлүк жетишкендиктерге умтулуудагы шыктануу булагы болооруна ишенет.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар