Новости
КМТУ жана Мишкольц университети логистика тармагындагы кызматташууну чыңдайт
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Венгриянын Мишкольц университетинин Логистика институтунун делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга КМТУнун ректору,академиялык иштер боюнча проректору жана Логистика жогорку мектебинин директору катышып, логистика, билим берүү жана илимий изилдөөлөр жаатындагы кызматташуунун учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү багыттары талкууланды.
Жолугушуунун алкагында Мишкольц университетинин Машина куруу жана информатика факультетинин билим берүү жана изилдөө программалары сунушталып, ошондой эле PhD докторанттары үчүн илимий компетенцияларды өнүктүрүүгө жана академиялык тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да өнөктөштүктү чыңдоо ниетин тастыкташты.
Ал эми кыргыз тарап 2026-жылдын 5–7-октябрында Венгриянын Мишкольц шаарында өтө турган CECOL 2026 эл аралык логистикалык конференциясына кеңири делегация менен катышуу ниетин билдирди.

