Новости
Талас Мамлекеттик Университетинде "Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү" DEFA долбоорунун негизги милдеттерин жайылтуу максатында "Кыргызстандын окуу жайларынын финансылык автономиясы" темасында семинар өттү. Семинарды И. Раззаков атындагы КМТУнун - координациялоочу университетинин жумушчу тобу өткөрдү:
1. Таштобаева Б. Э. - долбоордун изилдөөчүсү;
2. Курманова Н. М. - долбоордун изилдөөчүсү;
3. Мамытова К.Т. - долбоордун административдик кызматкери;
4. Бакалова А.Т. - долбоордун техникалык кызматкери.
Семинарда "Финансылык автономияга тиешелүү ченемдик укуктук актылар", "Кыргыз Республикасынын университеттеринин финансылык автономиясынын стратегиясы жана модели", "И.Раззаков атындагы КМТУнун өзгөчө статусу менен байланышкан ченемдик укуктук актылар жана финансылык автономиянын моделин ишке ашыруу жөнүндө" темаларда баяндамалар сунушталды.
Ошондой эле ЖОЖдордун финансылык автономиясына байланыштуу алынган маалыматты бекемдөө үчүн интерактивдүү оюндар өткөрүлдү. Семинарга окуу жайларынын менеджерлери (университеттин жана колледждердин кызматкерлери) катышты.

