Новости
КМТУ Чандигарх университети (Индия) менен кызматташууга багыт алды
2025-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Индиянын Мохали шаарында жайгашкан Чандигарх университетинде 5-чи Глобалдык билим берүү саммити болуп өттү.
Саммитке И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Геодезия жана геоинформатика» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты Чымыров А.У. катышып, DEvision долбоорунун жыйынтыктарына негизделген «Санарип Жер модулдарын университеттердеги аралаш окутууда пайдалануу» аттуу баяндамасын жасады.
Чандигарх университети Индиядагы жеке менчик университеттер арасында QS эл аралык рейтингинде биринчи орунду ээлеет жана дүйнөлүк деңгээлде 575-орунда турат. Аз гана убакыт ичинде (2012-жылы негизделген) ал инженердик-технологиялык жана социалдык-Башкаруу илимдери боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарына кошулуп, учурда 50 миңге жакын студентке билим берүүдө.
Саммиттин жүрүшүндө Чандигарх университети менен КМТУнун ортосунда кызматташтыкты бекемдөө маселеси талкууланып, жакынкы күндөрү эки тараптуу келишимге кол коюу макулдашылды. Бул келишимдин алкагында:
-студенттер жана окутуучулар менен алмашуу программалары,
-биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу,
-эл аралык рейтингдерде позицияларды жогорулатуу боюнча аракеттер каралууда.
Мындан тышкары, Чандигарх университети КМТУнун студенттеринин окуу жана жашоо шарттарын акысыз камсыздоого даяр экендигин билдирди.
Бул кызматташтык эки университеттин өнүгүүсүнө, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жана эл аралык таанымалдыгын арттырууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

