Новости

КМТУ Жети-Өгүз району үчүн архитектуралык долбоорлорду сунуштады

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Жети-Өгүз районунун администрациясы ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин жана Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин алкагында, «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» кафедрасындагы Чыгыш архитектурасы жана дизайны боюнча долбоордук-стратегиялык изилдөөлөр борборунун жумушчу тобу бир катар эскиздик долбоорлорду иштеп чыгышты.

Аталган долбоорлор төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. «Жеңиш багы» мемориалдык комплекси — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүүчү эстелик долбоору, кыргыз элинин тарыхый эс тутумун даңазалоо максатында иштелип чыккан.

2. Мектеп аймагын көрктөндүрүү долбоору — окуучулар менен жергиликтүү тургундар үчүн маданий жана билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган жашылдандыруу жана сквер долбоору.

3. Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин айланасын көрктөндүрүү — эстелик аймагын сактоо жана коомдук жай катары ыңгайлуу чөйрө түзүү.

4. Жети-Өгүз айылынын борбордук көчөсүн заманбап жасалгалоо — көчөнүн эстетикалык көрүнүшүн жана функционалдуулугун жакшыртууга багытталган архитектуралык-дизайнердик чечимдер.

Бул долбоорлор аймактын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга, социалдык-маданий өнүгүүгө салым кошууга багытталган. Ошондой эле мамлекеттик өнүктүрүү программалары жана эл аралык гранттык булактар аркылуу инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.

КМТУ менен Жети-Өгүз районунун кызматташтыгы стратегиялык жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болуп, аймактык өнүктүрүү, инновацияларды жайылтуу жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

КМТУ региондор үчүн архитектуралык-дизайнердик концепциялардын үстүндө иштөөгө дайым ачык.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар