2025-жылдын 27-29-майы аралыгында Кыргызстандагы мамлекеттик секторду санариптештирүү үчүн стартаптарды түзүү боюнча хакатонго катышууга чакырабыз.
Бишкектеги жогорку окуу жайларынын программалоо жана/же маалыматтык системалардын архитектурасын куруу боюнча көндүмдөрүнө ээ студенттерди күтөбүз.
Эки күн бою санариптик өкмөт тармагындагы эксперттерден тренингдер жана мастер-класстар өткөрүлөт. Бул билимдер долбоорду натыйжалуу өнүктүрүүгө жана мамлекеттик секторго инновацияларды ийгиликтүү киргизүүгө жардам берет.
Үчүнчү күнү, окутууну ийгиликтүү аяктап, продукттун прототибин түзгөн катышуучулар өздөрүнүн долбоорлорун жюриге тааныштырып, сыйлыктар үчүн күрөшүшөт.
Хакатондо тандоого бир нече кейс сунушталат. Алардын арасында – ооруканалардын, мектептердин, өрт өчүрүү пункттарынын ж.б. жайгашуусун оптималдаштыруу, жылуулук карталары жана инфраструктуралык маалыматтар негизинде; мамлекеттик кызматтардын натыйжасыздыгын аныктоо, арыздар жана кайрылууларды талдоо аркылуу; тукумдуулук, миграция жана курулуш тыгыздыгын эске алуу менен мектептерди жана балдар бакчаларын куруу керектүүлүгүн болжоо.
Хакатонду уюштуруучулар:
Эл аралык электросвязь союзу (ИКТ боюнча БУУнун адистештирилген мекемеси),
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети,
ААК "Улуттук маалыматтык технологиялар".
Финалдык иш-чара өткөрүлүүчү жай:
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Бишкек ш., офлайн форматта.
Шарттар: Бишкекте жашаган, бардык тармактар боюнча студенттер, 2 адамдан турган команда, ИТ боюнча баштапкы көндүмдөр, үч күн бою катышууга даярдык.
Катышуу үчүн катталуу: 23-майга чейин https://forms.gle/RbFwqYiCrx3C4pZq7
Хакатонго күтөбүз! Инноваторлор коомчулугуна кошулуп, келечекти бирге түзөлү!