Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 28-апрелде Кыргызстанда “Жаш дизайнерлердин платформасы” жаңы долбоорунун ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Бул долбоор 2022-ж. ноябрь айында башталып, Кыргыз-Түрк Текстиль Өнүктүрүү Борбору (ТӨБ) тарабынан "JACAFA Foundation" коомдук фондусунун колдоосу менен уюштурулуп, студенттер жана жаш дизайнерлер катышууга чакырылган.

Сынактын негизинде И.Раззаков атындагы КМТУнун АДИнин студенттери долбоордун алгачкы 15 катышуучусунун катарында тандалып алынган.

Алгачкы этапта белгилүү дизайнерлерден жана ишкерлерден келген катышуучулар үчүн САПР Gerber базасында компьютердик дизайн жана кийимдерди 3D визуалдаштыруу боюнча кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн семинарлар жана тренингдер уюштурулган.

Сынакта кесипкөй калыстар тобу - белгилүү дизайнерлер Залкар Аскарали уулу, Керимкулова Толгонай “Байра”, ошондой эле Мода сынагынын уюштуруучусу Назира Бегим болушту.

Финалга автордук костюмдар коллекциясы менен 8 дизайнер өттү. Сынак болгон күнү залда чыгармачылыктын жана сергек атаандаштыктын маанайы өкүм сүрдү. Иш-чарага И Раззаков атындагы КМТУнун Архитектура жана дизайн институтунун директору Кожобаева С.Т., БКД кафедра башчысы Д.К.Оморкулова, ошондой эле кафедранын студенттери жана окутуучулары катышты.

Сынактын финалында И.Раззаков атындагы КМТУнун көркөм буюмдарды долбоорлоо кафедрасынын 4-курсунун студенти Мирланбекова Элима "Roots" чыгармачыл коллекциясы менен 1-орунду (жетекчиси - БКД кафедрасынын улук окутуучусу Эгембердиева Зарина Давлетовна) жана эл аралык көрсөтүүгө катышуу үчүн сертификат, долбоордун эстелик кубогу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын белгилүү дизайнери Аскарали уулу Залкар тарабынан түзүлгөн «Залкар» брендинен 5000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.

Ошондой эле АДИнин директору С.Т.Кожобаевага эстелик кубогу тапшырылды.

Мирланбекова Элиманын коллекциясы композициялык бүтүндүгү, түстүү чечимдин оригиналдуулугу жана сайма, живопись жана автордук текстураны колдонуу менен аткаруу чеберчилиги менен айырмаланат.

Бул жеңиш окутуучулар менен студенттердин эбегейсиз зор эмгеги жана биргелешкен чыгармачылык аракети экендиги талашсыз. Студенттердин чыгармачылык жолунда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!