Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 4-майда КМТУнун Н.Исанов атн. Кампусунун чоң жыйындар залында университеттин профсоюздук комитети жана Жаштар борбору тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата майрамдык концерт уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Чыныбаев М.К. өз сөзүндө окутуучуларды жана студенттерди куттуктап, бул согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышканын, алардын 150 миңден ашыгы эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болгонун, анын ичинде 22 мекендешибиз «Даңк» орденинин толук ээси болгонун, жана 77 — Советтер Союзунун Баатырлары болгондугун белгиледи. «Тилекке каршы, Экинчи Дүйнөлүк Согуштун көптөгөн ардагерлери арабыздан кеткен, бирок биз алардын эрдигин эстейбиз. Жамаатыбызда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине теңештирилген Ооган согушунун ардагерлери, ЖУТБ кафедрасынын доценти Назаров Б.П., инженер Токобаев А.А., Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюучу Степанов С.Б. эмгектенип келишүүдө.

Профсоюздук комитеттин төрайымы А.А.Суюмбаеванын билдирүүсүнүн негизинде жогорудагы кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө буйрук чыгарылып, аларга 5000 сом сыйлык жана профсоюздук комитет тарабынан салтка айланган куттуктоолор берилет. Ошондой эле үйдө мурдагы кызматкерибиз, Ленинград блокадачысы Н.Ф. Шманованы куттуктайбыз», - деди ал.

Андан соң Жаштар борборунун концерти тартууланды, студенттик чыгармачылык студиялар – «Уста» элдик бий ансамбли «Смуглянка», «Көк жоолук» бийлери менен, «Арт-Мурас» драмалык студиясы С.Жусуевдин чыгармасынын негизинде «Жеңиш» спектаклин, «Уста Жылдыздар» музыкалык клубу согуш жылдарындагы ырларды аткарышты.