Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.4-апрелде К.И. Скрябин атн.Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Григорий Айказович Баляндын 95 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти,техника илимдеринин кандидаты, ардактуу профессор Генрих Григорьевич Баляндын 70 жылдыгына арналган экинчи илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция 4 секцияда өттү: медицина илимдери, айыл-чарба илимдери, техникалык жана гуманитардык илимдер.

Конференцияга өлкөнүн 11 жогорку окуу жайлары: И. Ахунбаев атн. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Бишкек мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана башка жогорку окуу жайлары катышышты.

Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Илим жана инновациялар кафедрасынын директору Иманакунова Жеңишкүл Сартбаевнанын жетекчилиги астында 3-курстун студенти, Илим жана инновациялар бөлүмүнүн башкы адиси Кудайбергенова Асылбү Кудайбергеновнанын жетекчилиги астында техника илимдери секциясына «Электр энергетикасында LabVieW колдонуу» баяндамасы менен катышты.

25-апрелде К.И.Скрябин атн.Кыргыз улуттук агрардык университетинде конференциянын жыйынтыктоочу бөлүгү өткөрүлүп, анда техникалык илимдер секциясында Кудайбергенова Асылбү 1-даражадагы диплом жана 30 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Конференцияга ошондой эле КР Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович, ЖОЖдордун ректорлору жана КР эмгек сиңирген экономисти, техника илимдеринин кандидаты, ардактуу профессор Генрих Григорьевич Балян катышышты.