Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 4-майда И.Раззаков атн. КМТУнун жыйындар залында университеттин студенттери, аспиранттары жана жаш окумуштуулары үчүн онлайн режимде Түркмөн мамлекеттик архитектура-курулуш институтунун профессору Пенджиев А.М «Түркмөнстанда күн энергетикасынын өнүгүшү» деген темадагы лекцияны окуп берди.

Бул иш-чара боордош өлкөлөрдүн эки жогорку окуу жайынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, күн энергиясы Түркмөнстанда кайра жаралуучу энергия булактарынын эң тез өсүп жаткан түрү болуп саналат. Кеп бул өлкөнүн климаттык жана географиялык шарттары кайра жаралуучу энергия булактарын кеңири колдонууга мүмкүндүк берет. Атап айтканда, ал жерде күн электр энергиясы көптөн бери алынган жана фотоэлектрдик өзгөрткүчтөрдүн колдонуу менен өнөр- жайда активдүү колдонулат.

Жылуулук энергетикасында күн коллекторлорун кеңири колдонуу боюнча иштелмелер да маалым. Шамал энергиясын, геотермалдык сууларды, биоотундарды пайдалануу практикаланууда, бул болсо айыл калкын жана борбордук жылытуу системасынан алыс жайгашкан аймактарды энергия менен камсыздоону жакшыртууга жардам бермекчи.

Лекциянын аягында угуучулар бардык суроолорун бере алышты. Өз кезегинде биздин «ЭКБ» кафедрасынын профессору Обозов А.Д. күн энергиясынын актуалдуулугу тынымсыз өсүп жатканын, анткени ал экологиялык жактан таза экендигин баса белгиледи. ЭКБтин актуалдуулугунун дагы бир себеби - анын ресурстук сыйымдуулугу.

Энергетика институтунун директору доцент Тентиев Р.Б. бул иш-чара билим берүү жана илимий изилдөөлөр тармагында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле иш тажрыйбасы жана маалымат алмашуу максатында өткөрүлдү деп белгиледи.