2023-ж. 28-мартта И.Раззаков атн. КМТУга ОшМУнун, ОшТУнун, ОшМПУнун, БатМУнун жана ЫМУнун аймактык жогорку окуу жайларынын ректорлору расмий иш сапары менен келди. Жолугушуунун максаты - окуу процессин уюштуруу жана студенттерди тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуу. Өткөрүлгөн иш сапардын алкагында КМТУ менен БатМУнун ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү: биз тараптан документке ректор М.К. Чыныбаев, Баткен шаарынан – ректор А.Т.Гиязов кол коюшту.
Ага ылайык, тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк тууралуу макулдашты.
Атап айтканда, төмөнкү конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди активдештирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди:
IT-долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашырууда күч-аракеттерди координациялоо;
- дистанттык IT курстарды өткөрүү;
- КМТУнун базасында кызматкерлердин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;
- студенттер жана магистранттар үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу;
- зарыл маалымат алмашуу;
- илимий-практикалык конференцияларга, форумдарга жана семинарларга биргелешип катышуу;
- коомдук уюмдар жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
- эки тарап үчүн практикаларды жана стажировкаларды уюштуруу.
Жолугушуунун соңунда университеттин окуу жана илимий борборлоруна жана лабораторияларына экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө коноктор алардын иши менен кеңири таанышышты.