Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 22-февралда И.Раззаков атн. КМТУнун спорт залында Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата  студенттердин «Урмат үчүн  күрөш» аттуу аскердик спартакиадасы болуп өттү. Салттуу болуп калган иш-чарага бардык институттардын 6 курама командасы катышты.

Иш-чараны И.Раззаков атн. КМТУнун ректору Чыныбаев М.К. салтанаттуу сөзү менен ачты: “Урматтуу кесиптештер, урматтуу студенттер! Ата-Мекенди коргоочулар күнү майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алып коюңуздар!”

23-февраль – чыныгы мекенчилдердин, заманыбыздын баатырларынын, эр жүрөктүүлүктүн, аскердик жана жарандык ар-намысы менен байланышкан, өз Ата Мекенине берилгендикти жана өз өлкөсүнө чын жүрөктөн сүйүүсүн күн сайын чыныгы иштери менен ырастагандардын майрамы!

Ардактуу коноктор катышуучулардын жогорку жоопкерчилигин жана даярдык көрүү аракеттерин белгилешти.

Бул сынактын максаты - жаштарды жарандык жана аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо, өз мекенин коргоого чакырууга чейинки даярдоо.

Сынактын катышуучулары үчүн милдеттүү шарт болуп «визиттик карточка», анын ичинде машыгуу, ыр жана ураан менен жүрүш болду.

Мындан тышкары, командалар бириккен коргонуучу кийимдерди кийүү, аркан тартыш, кол күрөш жана курама эстафета боюнча күч сынашты.

Калыстар тобу тарабынан объективдүү жана калыс баа берилди, анын курамына ректор Чыныбаев М.К., укуктук иштер кафедрасынын башчысы Исраилов А.Ж., «ФКжС» кафедрасынын башчысы Каюмов Т.А., циклдин ага окутуучусу Каюмов Т.А. запастагы подполковник - Алиев Азат Иманбекович.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

орун «Скорпион» аталышындагы ИТР менен КИСИнин курама командасына;

орунду ИИТ жана МВСЛдин «Эржигит» аталышындагы курама командасы ээледи;

орунду КМТИ менен КММИнин «220 вольт» курама командасы ээледи.