Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 20-февралда И.Раззаков атн.КМТУда «Мекен коргоочулар күнүнө» арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара абдан маанилүү болду, анткени атайын коноктор – Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери чакырылган.

Иш-чараны салтанаттуу сөз менен КМТУнун ректору Чыныбаев Мирлан Койчубекович ачты: “Бүгүн биз эң сонун майрам – “Ата Мекенди коргоочулар күнүн” белгилеп жатабыз. Мен бардык кызматкерлерди, жоокерлерди, офицерлерди жана Мекен алдындагы карызын бергендердин баарын куттуктайм! Биз сиздин эрдигиңизди баалайбыз жана бизди коргоп, өлкөбүздөгү тынчтыктын тиреги жана колдоочулары болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз».

Концертке төмөндөгүлөр да катышты: Баткен окуясынын төрагасы – Танаев Т., Ооган-тажик чек арасынын төрагасы – Ниязалиев Н., маданият бөлүмүнүн башчысы - Белекбаев У., №12 МТУнун башчысы - Байысов А., «Мекендештер» союзунун президенти — Кетова Г., Уюштуруу комитетинин төрагасы — Тельцов Е.

И.Раззаков атындагы КМТУнун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн студенттери фойеде тизилип, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскердик үйлөмө оркестринин  коштоосу астында меймандарды урмат-сый менен тосуп алышты.

Иш-чаранын алкагында Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылып, концерттин өзү К.Молдобасанов атн.  Кыргыз улуттук консерваториясынын таланттуу студенттеринин, №5 балдар искусство мектеби жана Кыргызстандын акындары аткаруусундагы белгилүү аскердик ырларды жана көркөм ырларды аткаруу менен коштолду.