Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 7нен-9-февралга чейин Сеул эл аралык достук уюмунун (СЭДУ) чакыруусу менен И.Раззаков атн. КМТУнун делегациясы, курамында ректор М.К.Чыныбаев жана Маалыматтык технологиялар институтунун директору Г.Ж. Кабаева Түштүк Кореяда бир нече жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан “2022-2024-жылдарга FabLab Bishkek аркылуу Кыргыз Республикасындагы билим берүү келечектерин кеңейтүү аркылуу ишкердикти жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу аркылуу үзгүлтүксүз санариптик IT билим берүү” эл аралык долбоорунун алкагында СЭДУ жана Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) түздөн-түз колдоосунда иш сапарына барып, кайтышты.

Иш сапардын жүрүшүндө техникалык тур уюштурулуп, анын милдеттери төмөнкүлөрдү камтыды: - «Туруктуу акылдуу технологиялар» темасында билим берүү мекемелери жана компаниялар менен эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү; Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү жана урбанизацияны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулоо; мамлекеттик органдар, KOICA жана SIFO менен биргеликте эл аралык долбоорлорду баалоо жана пландаштыруу маселелерин кароо.

Биздин делегация ошондой эле Сеул мегаполисин санариптештирүү көйгөйлөрүн чечүүгө катышкан негизги уюмдарда болуп, алардын лидерлери менен жолугушууларда IT, Smart технологиялар жана жасалма интеллект технологиялары жаатындагы негизги жетишкендиктерге токтолушту. Тактап айтканда, 7-февралда окуу, илимий-өндүрүштүк милдеттерди чечүүчү, ар кандай материалдардын курамын жана микроструктурасын изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдыктары бар, магистранттарды жана докторанттарды окутуп жаткан Кореянын өнөр-жай технология институтуна барышты.

Андан соң Сеул университетинин кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү, анда делегация жалпы коопсуздук маселелерин жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү, кырсыктын кесепеттерин азайтуу максатында шаардын жашоо-турмушун камсыздоонун ар кандай тармактарында интеллектуалдык чечимдерди киргизүүнүн жыйынтыктары, адам факторунун таасири жана көптөгөн күнүмдүк процесстерди толук автоматташтыруу менен таанышты.

8-февралда KOICAнын жарандык коом өнөктөштүк департаментинин башкы директору Янгран Ким айым менен жолугушуу болуп өттү. Бул жерде биздин делегация колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жаштарынын санариптик компетенцияларын өркүндөтүүдөгү FabLab чоң ролун белгиледи. Албетте, металл үлгүлөрүн чыгара ала турган 3d принтерлерди сатып алууга кошумча каражат бөлүү маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле, биздин делегация билим берүү жана ишкердик чөйрөсүндө кызматташуу боюнча корей-кыргыз бизнес форумуна катышып, ректор Чыныбаев М.К. КМТУнун презентациясын жасады, аны өнүктүрүүнүн пландары жана өзгөчө макамга ээ болгондугуна байланыштуу бизнес сектор менен кызматташуу пландары менен бөлүштү, бул чоң автономияны жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүүнү билдирет.

Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Исмаилова А.Ж. катышканын белгилейбиз. Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстанда чет өлкөлүк кореялык компаниялардын өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн окумуштууларынын тажрыйба алмашуусу үчүн аянтча түзүлдү.

Ал эми 9-февралда Сеулдагы «Акылдуу шаар» көргөзмө залдарына баруу уюштурулуп, анда бир нече залда көрсөтүлгөн «Акылдуу шаар» технологияларын ишке ашыруудагы жетишкендиктерди көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Бул иш-чаранын жүрүшүндө түздөн-түз ушул багытта иш алып барган “We go” компаниясы менен жолугушуу болду. "We go" компаниясы КМТУнун студенттерин Түштүк Кореянын чоң шаарларында уюштуруп жаткан стартап чемпионаттарына катышууга расмий түрдө чакырды.

Акырында, Илим жана технология университетинин илим жана технология боюнча вице-президенти Миджунг Пак айым менен жолугушуу жемиштүү болуп, анда тараптар кызматташуу жана студенттерибиздин жайкы мектептерге катышуусу, академиялык алмашуу, ошондой эле окуунун келечеги тууралуу макулдашышты. Аталган университет Кореянын мамлекеттик университеттеринин арасында 1-орунду ээлеп, делегация мүчөлөрү үчүн кампус жана лабораториялык имараттарга экскурсия уюштурду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ректор М.К.Чыныбаев менен жергиликтүү университеттин «Механика» кафедрасынын башчысы кафедралар ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Коштошуп жатып, SIFO президенти Сонг Жу Ли айым Fablab долбоору биздин элдерибиздин ортосундагы достук мамилелерди түздөн-түз чыңдап, жаңы технологияларды өнүктүрүү аркылуу Кыргызстан элинин турмушун жакшыртат жана мамлекеттик экономиканын санариптик трансформациясын өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди.