Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.13-февралда И.Раззаков атн. КМТУнун жыйындар залында  профессор Алымкулов Карыпбек Алымкуловичтин 85 жылдыгына арналган “Жашыл энергетика, электротехника жана экологиянын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-техникалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Казан мамлекеттик энергетика университетинин, . Г.Даукеев атн. Алматы энергетика жана байланыш университетинин өкүлдөрү, КР Президентине караштуу Башкаруу академиясы, ОшМУ, ОшТУ, Нарын мамлекеттик университети, ошондой эле Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары катышты.

Конференциянын пленардык бөлүгүндө күндүн баатыры К.А.Алымкуловду куттуктоо менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун башка жетекчилеринин атынан өкүлдөр сөз сүйлөштү. Конференциянын секциялык ишин техника илимдеринин доктору, профессор Бочкарев И.В. алып барды.

Энергетика институтунун окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, байланыштын on-line режиминде конференцияга Г.Даукеев атн. АУЭС атындагы НАОнун (Казакстан Республикасы) кызматкерлери, ошондой эле ОшТУнун кызматкерлери катышты. Жалпысынан секцияга 40ка жакын адам катышты. Бардык баяндамалардын илимий-практикалык децгээли бир кыйла жогору экендигин айта кетуу керек.

Конференциянын секциялык ишинде чыгармачылык кырдаал өкүм сүрүп, баяндамалар угуучулардын зор кызыгуусун жаратып, көптөгөн суроолорду берип, кызуу талкуу менен коштолду. Конференциянын жыйынтыгында Кыргызстандын энергетика тармагында жана илим менен өндүрүштүн башка тармактарында ишке ашыруу боюнча сунуштар кабыл алынды.