2021-жылдын 19-ноябрында «Алайку Органикс» ЖЧКсынын өкүлдөрү «Илим жумалыгы-2021» программасынын алкагында ТПППЖПб-1-18 (МЛ) тобунун «Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы» профилинин студенти Абдылаева Анара Бахтияровнага эң мыкты илимий иштеп чыгуусу үчүн ыраазычылык катын жана акчалай сыйлыкты тапшырышты. А.Абдылаеванын «Mай-mix» майынын негизинде иштеп чыккан жаңы продуктусу «Алайку Органикс» ЖЧКсына өндүрүүгө кабыл алынган.
«Алайку Органикс» ЖЧКсы 2014-жылы негизделген жана Кыргызстандын түштүгүндө кычкыл сүт азыктарын өндүрүү менен алектенет.