Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2021 - жылдын 26 - октябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Кыргыз тили фестивалынын алкагында тил жана адабият сабагынын окутуучулары тарабынан кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлдү.

Аталган иш - чарага Кыргыз Республикасынын “Ордо” оюну боюнча спорт чебери, Бишкек шаарынын “Акордо” федерациясынын президенти Бакиров Бакдөөлөт Жокинович катышып, “Ордо” оюнунун эрежелери, ойнолуу ыкмалары боюнча студенттерге кеңири түшүндүрүп берди жана оюндун жүрүшүн көзөмөлдөдү. Андан сырткары атайын белгиленген аянтчаларда улуттук оюндардын түрлөрү: аркан тартыш, тогуз коргоол, топ таш, жоолук таштамай, ак терек - көк терек оюндары ойнолуп, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө майрамдык маанай жаратты.

Иш - чараны өткөрүүнүн башкы максаты - өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга улуттук оюндарыбызды үйрөтүү аркылуу өз элибиздин маданий жана рухий баалуулуктарын аң - сезимине сиңирүү , ар бир оюндун маани - маңызы , философиясы тууралуу түшүнүктөрүн калыптандыруу жана эл - жерин сүйүүгө тарбиялоо болуп эсептелет.