Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


28.04.2021 И.Раззаков атындагы  КМТУнун МАЗда, PhD программасынын алкагында Караганды техникалык университетинин Коммерциялык эмес акционердик коомунун 6D071800 "Энергетика" адистиги боюнча докторанттардын илимий практикасынын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү.

Караганда техникалык университетинин 7 адамдан турган докторанттары КМТУнун энергетика факультетинин базасында илимий практика өтүштү.

Энергетика факультетинин окумуштуулары тарабынан “Энергетика жана электротехника” багыты боюнча факультеттин илимий иштеп чыгуулары жана жетишкендиктери жөнүндө лекциялар окулду.

Илимий практиканын жыйынтыгы боюнча, илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректор – ф.-м. и. доктору, профессор Султаналиева Р.М. тиешелүү сертификаттарды Караганда техникалык университетинин докторанттарына тапшырды.