Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Илимий-усулдук иш


 Илимий-изилдөө иштери

Немис тили Борборунун илимий-изилдөө иштеринин планы кабыл алынып жана окуу жылында аткарылган илимий-изилдөө иштердин иш маалымдамасы түзүлүп,илимий докладдардын темалары бекитилет.

Немис тил секциясында логистика багытында окуган биринчи курстун студенти Аскарбеков Али өзүнүн доклады менен сүйлөп чыгып, бул конференцияга катышкандыгы үчүн  атайын байге алды. Конференция катышуучулардын тезиси Новосибирск шаарынын конференциясынын тезистер жана материалдар жыйнагында жарыяланды.

4-5 апрельде,Кыргызстандын,Казакстандын, Украинанын жана Германиянын техникалык жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн “ Deutsch und Technik“ деген темада илимий-техникалык конференция өтөт.Конференцияда студенттер өздөрүнүн техника темасындагы постерлерин немис тилинде көргөзүштү.Бул конференцияга Германия элчилигинин өкүлү  айым Моника Иверсен, Кыргызстандагы немис уюмунун өкүлдөрү, Киев шаарындагы Техникалык университетинин өкүлү доктор Ольга Толочко, Алматы шаарындагы  Казахстан Техникалык университетинен доктору Серик Байменбетов, КГТУ жана КГТИнин  жетекчилиги жана профессордук- окутуучу курамы катышышты.