Жаңылыктар

Кара-Балта шаарынын транспорттук тейлөө концепциясын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлду

     2025-жылдын 30-апрелинде И.Раззаков атындагы КМТУ менен Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэриясынын ортосунда Кара-Балта шаарынын транспорттук тейлөө концепциясын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлду.
     Жолугушууга Кара-Балта шаарынын мэри Джекшенов Мирлан Ратынбекович, КМТУнун ректору Чыныбаев Мирлан Койчубекович, илимий иштер боюнча проректор Арзыбаев Алмазбек Момунович, Транспорт жана робототехника институтунун директору Маткеримов Таалайбек Ысманалиевич, КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалынын директору Калчороев Алмас Качканакович жана "Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу" кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышышты.
     Кара-Балта шаарынын концепциясы "ТУжТБ" кафедрасынын PTV лабораториясынын базасында жана КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалында 3 этапта иштелип чыгат:
1-этап-учурдагы транспорттук кырдаалды талдоо
2-этап-изилдөө аймагынын транспорттук макро моделдерин иштеп чыгуу
3-этап – транспорт кыймылынын шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
     Иштин жыйынтыгы боюнча көчө-жол тармагынын геометриялык мүнөздөмөлөрү, жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, кесилиш түйүндөрүндөгү жөнгө салуунун түрлөрү, жол кыймылын уюштуруу боюнча светофордук жөнгө салуу режимдерин киргизүү жана алардын иштөө режимдерин эсептөө, коомдук транспорттун каттамдарын уюштуруу, жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчилердин кыймылын камсыз кылуу максатында инфраструктураны өнүктүрүү, маршруттук транспорт каражаттарынын кыймылында артыкчылыкты киргизүү, жолдордун айрым участокторунда же ар кандай зоналарда транспорт каражаттарынын ылдам жүрүү режими, Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото- жана видеофиксациялоо каражаттарын автоматтык режимде иштеп жаткандарды жайгаштыруу боюнча сунуштар берилет. Долбоордун жүрүшүндө зарыл элементтер санариптештирилет жана жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу менен локалдык транспорттук түйүндөрдү имитациялык моделдөө сунушталат.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар