Жаңылыктар

Улуттук тарых музейине саякат

Улуттук тарых музейине саякат

2025-жылдын 17-апрелинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кесиптик орто билим берүү (Колледждин) МЕН-1-23 окуу тобунун студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барышты. Студенттерге тарыхый эстеликтерди өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Музейде Кыргызстандын тарыхын байыркы замандардан бүгүнкү күнгө чейин чагылдырган экспонаттар коюлган. Таш, коло дооруна, түрк тилдүү мамлекеттердин көчмөн маданиятына, кыргыз дөөлөтүнүн мезгилине, түрк жана моңгол доорлоруна тиешелүү экспозициялар өзгөчө кызыгууну жаратты. Музейдин экскурсоводунун коштоосунда студенттер улуттук-боштондук көтөрүлүштүн башталышын, 30-жылдардагы саясий репрессияларды, Биринчи дүйнөлүк согушту жана Улуу Ата Мекендик согушту, Союздун ыдырашын, эгемендүү Кыргызстанды чагылдырган экспонаттар менен кенен таанышышты.

Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхы сабагында өтүлгөн билимдерди бекемдөө, тереңдетүү жана кеңейтүү максатында КОББ (Колледж) окутуучусу Ч.С. Сырымбетова тарабынан уюштурулду.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар