Жаңылыктар

И.Раззаков атындагы КМТУнун Курсту жогорулатуу борборунда "Чет элдик жарандарга орус тилин окутуу" курсу аяктап

И.Раззаков атындагы КМТУнун Курсту жогорулатуу борборунда "Чет элдик жарандарга орус тилин окутуу" курсу аяктап, алгачкы жолу Кытай, Иордания, Индия жана Пакистандан келген чет элдик жарандарга тастыктамалар тапшырылды. Курс заманбап окутуунун инновациялык ыкмалары менен доцент Баялиева Динара Аскаровна тарабынан өткөрүлдү.

Орус тили дүйнө жүзүндө 250 миллиондон ашык адам тарабынан сүйлөнүп, дүйнөдөгү маанилүү тилдердин бири болуп саналат. Ошондуктан, орус тилин үйрөнүү чет элдик жарандарга билим алуу жана карьерага мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Тил үйрөнгөн соң, көптөгөн жарандар ири компанияларда иштеп, өз салымдарын кошууда.

КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев курсту аяктаган студенттерди куттуктап, ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар