Жаңылыктар
Тазалык ишембилик иш чарасы
2025-жылдын 12-апрелинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов кампусундагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун, Экономика жана бизнестин жогорку мектебинин жана Кесиптик орто билим берүү (Колледжинин) окутуучулары жана студенттери “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 06-сентябрындагы № 305 сандуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 20-2566 чыгыш сандуу катын аткаруу максатында 2025-жылдын 15-мартынан тартып 2025-жылдын 25-майына чейин Бишкек шаарынын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча массалык ишембиликтерди уюштуруунун негизинде кезектеги ишембиликке чыгышты.
Бишкек мэриясы тарабынан бөлүнгөн 7-апрель көчөсү боюнча И.Ахунбаев көчөсүнөн А.Токомбаев проспектисине чейинки 3 чакырымдай аралыктагы жол жээгинин эки тарабындагы жерлерди тазалашып, ишембиликке активдүү катышышты.
Бул ишембилик айлана-чөйрөнү жакшыртуу, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана коомдук биримдикти күчөтүү максатында өткөрүлдү.
Адамдын экологиясы - жашообуздун маанилүү бир бөлүгү. Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык туруктуулукту камсыздоо үчүн, ар бир адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип жашоосу абзел. Адамзат жана табият бир-бири менен тыгыз байланышкан, ошондуктан экологиялык маселелерди чечүү - жалпы жашоонун сапатын жакшыртуу болуп саналат.

