Жаңылыктар
Бишкек шаарынын колледждер арасында мини-футбол боюнча турнирде 1-орун
2025-жылдын 11-апрелинде И.Раззаков атындагы КМТУнун У.Асаналиев атындагы №3 кампусунун футбол аянтында Бишкек шаарынын колледж студенттери арасында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган мини-футбол боюнча турнир болуп өттү.
Турнирге 8 команда катышты:
1. М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун экономика жана сервис колледжи.
2. А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму.
3. Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи (БКАМС).
4. Тоо-кен технологиялык колледжи (ТКТК) 2 команда.
5. Бишкек техникалык колледжи (БТК) 2 команда.
6. И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледжи).
Оюндар айланпа системасы боюнча өттү. Аянттын айланасына ар бир команданын күйөрмандары чогулуп, оюнчуларды колдоп, кызыктуу толкундануу атмосферасы өкүм сүрдү.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалар арасында төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орунду КОББ (Колледж) студенттеринин командасы ээледи.
2-орунду ТКТК-1 студенттеринин командасы алды.
3-орунду ТКТК-2 студенттеринин командасы ээледи.
4-орунду М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун экономика жана сервис колледжинин студенттеринин командасы ээледи.
Мыкты коргоочу Саякбаев Арсен Санжарович, КОББ (Колледж) студенти.
Мыкты чабуулчу Медербеков Ахмет, КОББ (Колледж) студенти.
Мыкты дарбазачы Маликжанов Нурэл, КОББ (Колледж) студенти.
Бул турнирдин уюштуруу комитетине, И.Раззаков атындагы КМТУнун Тоо-кен технологиялык колледжинин директору М.У.Аракеевге, «Дене тарбия» окутуучуларына ыраазычылык билдиребиз!
Турнирдин жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайбыз!!!

