Жаңылыктар
2025-жылдын 3-апрелинде И.Раззаков атындагы КМТУнун Экономика жана бизнес жогорку мектебинде «Билим берүүнүн заманбап ыкмалары: дуалдык жана долбоордук окутууну өнүктүрүү» деген темада тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага билим берүү процесстерин трансформациялоого жана эмгек рыногунда талап кылынган адистерди даярдоого кызыккан бизнес өкүлдөрү, билим берүү мекемелери, окутуучулар жана студенттер катышышты.
Тегерек столдун катышуучуларын И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Чыныбаев М.К., окуу бөлүмүнүн башчысы Дыканалиев К.М. жана экономика жана бизнес жогорку мектебинин директору Сыдыкова Ч.К. куттуктоо сөздөрүндө КМТУнун жетекчилиги дуалдык жана долбоордук окутууну окуу процессине интеграциялоо аркылуу жогорку билим берүүнү трансформациялоо зарылдыгын айтып, келечектеги адистерди даярдоодо теориялык жана практикалык окутуунун синергетикасына жетишүү үчүн КМТУда жасалган кадамдарды белгиледи.
Тегерек столдо ЖОЖдордун, курулуш секторунун, банк секторунун, мамлекеттик органдардын жана орто кесиптик билим берүү системасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кызуу талкуу жүрдү. Талкуунун негизги темасы эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн дуалдык жана долбоордук окутууну киргизүү болду.
Катышуучулар негизги көйгөйлөрдүн бири бүтүрүүчүлөрдүн реалдуу эмгек шарттарына даяр эместиги болуп калаарын белгилешти. Бул маселени чечүү үчүн билим берүү программаларынын практикалык бөлүгүн күчөтүү сунушталды.
Курулуш тармагынын өкүлдөрү, ЖЧК «ЭМАРК Групп» Курулуш компаниясы, «Авангард Стиль» ЖЧК, ЖЧК «Гарант Проект Архитектуралык курулуш компаниясы», ЖЧК «Level Construction» компаниясы студенттерди түздөн-түз жумушка даярдоонун, теорияны реалдуу долбоорлордо ыктарды колдонуу менен айкалыштыруунун зарылдыгын белгилешти.
«Бакай Банк» ААК, «ФИНКА Банк» ЖАК , «Банк Асман» ЖАК жана «Мбанк» ААК тарабынан сунушталган банк сектору студенттерге стажировкадан өтүү жана насаатчылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берип, дуалдык окутууга катышууга даяр экендиктерин билдиришти.
Мамлекеттик түзүмдөр («Кыргызавтожол-Түндүк» МИ, «НЭСК» ААК, экономикалык жана техникалык көзөмөл инспекциясы КР бюджеттик каржылоо контекстинде долбоорлорду натыйжалуу башкарууга жөндөмдүү кадрларды даярдоого басым жасады.
Башка бизнес багыттарынын өкүлдөрү («ДанАгроПродукт» ЖЧК, «КРИД» маркетинг агенттиги , «FUN TRIP» туристтик компаниясы , «Blandgroup LLC» ЖЧК, «Bookkeeper Consulting» ЖЧК, «Камкор» ЖЧК, «АМАТО» ЖЧКсы бүтүрүүчүлөрдү окуу процессине тартууга өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилешти: конок лекциялары, практиктердин мастер-класстары жана семинарлары студенттерге кесиптин өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө жардам беришет деп баса белгилешти.
Экономика жана бизнес жогорку мектебинин (ЭБЖМнин) билим берүү программаларынын жетекчилери дуалдык жана долбоордук окутуунун негизинде иштеп жаткан программаларды модернизациялоого жана жаңы программаларды иштеп чыгууга даяр экендигин ырасташты. Катышуучулардын айтымында, мындай демилгелердин ийгилиги үч фактордон көз каранды: ЖОЖдордун активдүү ролу, иш берүүчүлөр тарабынан насаатчылык жана студенттердин жеке жоопкерчилиги.
Орто кесиптик билим берүү системасынын өкүлдөрү (А.Токтоналиев атындагы БФЭТ, И.Раззаков ат. КМТУнун ОККБ колледжи, Aзиялык Инновациялык колледжи) дуалдык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, ЖОЖдор жана бизнес менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул бирдиктүү билим берүү: студент – орто кесиптик билим берүү мекемеси – университет – иш берүүчү чынжырын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Катышуучулар билим берүү менен практиканы тыгыз интеграциялоо идеясын бир добуштан колдошту. Жакынкы айларда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо үчүн негиз боло турган пилоттук программаларды иштеп чыгуу пландаштырылууда. Уюштуруучулар белгилегендей, мындай ыкма теория менен практиканын ортосундагы ажырымды гана кыскартпастан, эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөргө болгон суроо-талапты да жогорулатат.

