Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылык


Greenkg Проект: Кыргыз Техникалык Университетинде 'И. Раззаков' атындагы Жашыл Университет

13-мартта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Жашыл университет жана студенттерге экологиялык аң-сезим эмне үчүн керек” аттуу иш-чараны болуп өттү.

Иш-чара Кыргызстандагы жашыл жана санарип университетинин моделин өнүктүрүүгө багытталган Greenkg долбоорунун алкагында өттү. Долбоор 14 өнөктөштүн, анын ичинде Кыргызстандын 12 университетинин жана 2 чет элдик университеттин катышуусунда ишке ашырылып Эразмус+ программасы тарабынан каржыланат.

Бул иш-чарага ПОЛИТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ, ИИТ, ЭИ, КГТИ студенттери, ошондой эле Кыргыз агрардык университетинин өкүлдөрү активдүү катышты.

Маалыматтык технологиялар институтунун директору Г. Дж. Кабаева оз сөзүндө экологиялык кризистин алдын алуу баалуулуктар системасын өзгөртүү жана жаш муундун экологиялык маданиятын калыптандыруу үчүн топтолгон билимдерди колдонуу аркылуу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Энергетика институтунун директорунун орун басары Б. С. Жапакова планетанын ресурстарын сактоо үчүн сарамжалдуу жана үнөмдүү керектөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп эко-маалымдуулук түшүнүгүн түшүндүрдү.

Студенттерге режиссёр Суйума Сулайманованын «Биздин балалыктын асманы» даректүү тасмасы көрсөтүлүп, анда адистер Бишкектеги түтүндүн келип чыгуу себептерин жана анын шаар тургундарынын ден соолугуна тийгизген таасирин талкуулашты. Тасманы көргөндөн кийин студенттер экология маселесине кызыгып, кино жаратуучуларга көптөгөн суроолорду беришти.

Мындай иш-чараларга катышуу студенттер арасында экологиялык көйгөйлөр боюнча билим жана аны коргоо боюнча иш жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрү менен куралданган активдүү жарандыкты калыптандырууга өбөлгө түзөт. Мындай иш-чараларга окуучуларды тартуу алардын экологиялык маданиятын калыптандыруунун негизги этабы болуп саналат.

No news available.