Жаңылык

2025-жылдын 12-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Санариптештирүү шартында мамлекеттик каржылык көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу — экономикалык коопсуздуктун негизи катары» студенттик ИПК

    2025-жылдын 12-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Санариптештирүү шартында мамлекеттик каржылык көзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу — экономикалык коопсуздуктун негизи катары» аттуу ички студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

    Иш-чараны «Экономика жана ишкананын башкарылышы» кафедрасы жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык көзөмөл кызматы (Финансылык көзөмөл) биргеликте уюштурушту.

    Конференциянын максаты — студенттердин экономика жана каржы тармагындагы билимдерин тереңдетүү, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана учурдагы экономикалык, каржылык маселелерди чечүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат. Бул иш-чара студенттер үчүн илимий идеялар менен алмашуу, өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштоо жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн маанилүү аянтча болуп берди.

    Конференциянын ачылышында Экономика жана бизнес жогорку мектебинин директору Сыдыкова Ч.К. жана Финансылык көзөмөлүун стратегиялык пландаштыруу жана тышкы ишмердүүлүктү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Арыков Р.А. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

    Модераторлук милдетти «Экономика жана ишкананын башкарылышы» кафедрасынын башчысы, профессор Сулайманова Б.Ж. аткарды.

    Жыйынтыгы боюнча Финансылык көзөмөл кызматкерлеринен түзүлгөн калыстар тобу төмөнкү студенттерди сыйлады:

  • 1-даражадагы дипломдор — Акматов Айтегин (ЭУП-1-22), Усенкожоева Аяна (ФК-2-23);

  • 2-даражадагы дипломдор — Бекболотова Алия (ФК-2-23), Валиева Жаркынай (ФК-2-23);

  • 3-даражадагы дипломдор — Расулова Джаннэт (ЭУП-1-22), Шамаматов Бейбарс (МТЭ-1-24).

    Мамлекеттик тилдеги баяндамасы үчүн Атырова Мираида (ЭУП-1-22) өзгөчө диплом менен сыйланды. 

    Студенттерди конференцияга даярдоодо жана алардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дипломдор менен сыйланган студенттердин бардык илимий жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын атынан ыраазычылык каттары тапшырылды. Алардын катарында: экономика илимдеринин доктору, профессор Шербекова А.А., философия доктору (PhD), доцент Тохтыева З.Х., философия доктору (PhD), доцент Абдужалиева Э.Дж., экономика илимдеринин кандидаты, доцент Чонкоева А.А., экономика илимдеринин кандидаты, доцент Рыспаева А.С. жана улук окутуучу Исабаева К.Б. бар.

    Конференциянын өткөрүлүшү Экономика жана бизнес Жогорку мектебинин студенттеринин илимий коомчулугунун ынтымакташуусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен кызматташтыкты жана илимий натыйжалар алмашуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар