Жаңылык
2025-жылдын 27-февралында саат 10:45 те И.Раззаков атындагы КМТУнун Жогорку экономика жана бизнес мектебинин секциясынын жыйыны "Карьера жана практика күнү" аттуу жылдык иш-чаранын алкагында өткөрүлдү. Иш-чарага жумуш берүүчүлөр, профессордук-окутуучулук курам жана 3-4-курс студенттери катышты.
"Карьера жана практика күнүнүн" максаты эмгек рыногундагы азыркы чакырыктарды талдоо, билим берүү программаларынын потенциалдуу керектөөчүлөрүнүн талаптарын аныктоо, глобалдашуу, экономиканын санариптештирилиши, мамлекеттин каржы-экономикалык коопсуздугу маселелерин эске алуу менен КМТУнун ишканалар, бизнес чөйрө жана стейкхолдерлер менен кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле бардык багыттагы студенттердин жумуш берүүчүлөр менен жолугуп, карьерасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болду.
"ФТЭ" кафедрасынын жумуш берүүчүлөрү катары иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык кызматы, "Бакай Банк" ААК, "Элет-Капитал" МФК ЖАК Сокулук филиалы, "НСК" камсыздандыруу компаниясы жана "Эко Комплекс" ЖЧК катышты. "Бакай Банк" студенттер арасында брендделген белектерди ойнотуп, бул иш-чарага өзгөчө кызыгуу жана жандуулук алып келди.
Kahoot-викторинасында БУА-1-21 тайпасынын студенттери Тойболотова М. жана Чонбагышева Н. сыйлуу орундарды ээлешти. Иш-чара ийгиликтүү өтүп, студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда өз ара байланыш түзүлдү. Катышуучулар пайдалуу маалыматтарга ээ болуп, жумуш берүүчүлөр жаш адистер менен таанышып, университет менен бизнес чөйрөнүн кызматташтыгына өбөлгө түздү.
"ЭИБ" кафедрасынын жумуш берүүчүлөрү катары иш-чарага төмөнкүлөр катышты:
Чодоев Т.А., "Мега Вентс" ЖЧКнын башкы директору,
Акматов Ч.К., "Эмарк Групп" ЖЧКнын башкы директору,
Ажимаматова Т.С., "Финка Банк",
Дуйшобаев А.А., "АСК Гарант Проект" ЖЧКнын башкы директору.
Алар банк секторунда ийгиликтүү карьера куруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдер жана көндүмдөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, студенттердин суроолоруна жооп беришти.
"Менеджмент" кафедрасынан жумуш берүүчүлөр катары төмөнкүлөр катышты:
Ж.С. Момуналиева, "Банк Асман" ААКнын кадрлар башкармалыгынын башчысы,
О.В. Плотникова, "Доскредобанк" ААКнын кеңешчиси.
Алар да студенттерге банк тармагында ийгиликтүү иштөө үчүн керектүү көндүмдөр тууралуу маалымат беришти.
"ЭМC" кафедрасынан "ФинансКредитБанк" ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алымбаев А.Т. катышып, банк билим берүү мекемеси менен байланышын чыңдоого кызыктар экенин белгиледи. Ал студенттердин кесиптик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, өндүрүштүк жана алдын ала квалификациялык практикалардан өтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
"ЭКМ" кафедрасынын жумуш берүүчүлөрү катары төмөнкүлөр катышты:
Касымов Э.Ж., Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык сертификатталган эксперт, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун башкы адиси,
Исаев Н.К., "Буккипер Консалтинг" ЖЧКнын директору.
Жумуш берүүчүлөр кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, социалдык жана экономикалык долбоорлорго инвестиция тартуудагы ролун түшүндүрдү. Алар компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасап, студенттердин ишке орношуусу үчүн талаптарды камтыган маалыматтык буклеттерди таратты.
Ошондой эле, Бишкек шаардык Жумуш менен камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрү стажировка өтүү мүмкүнчүлүктөрү жана катталуу тартиби тууралуу маалымат беришти. Бүтүрүүчүлөрдү жумуш орундарын ыкчам табууга көмөктөшүү үчүн маалымат базасына каттоодон өтүүгө чакырышты.
Кампус-1де "Карьера жана практика күнү" жана Бош орундар жарманкеси улантылды. Иш-чаранын алкагында КМТУнун ректору Чыныбаев М.К., Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Ири жумуш берүүчүлөр, анын ичинде "Скай Индастриал Групп", "Bravo", Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы жана башка алдыңкы ишканалардын презентациялары болуп өттү. Студенттер учурдагы бош орундар, стажировка программалары менен таанышып, компаниялардын өкүлдөрүнө суроолорун беришти.
КМТУдагы "Карьера жана практика күнү" студенттер менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы диалог үчүн маанилүү аянтча болуп, жаштардын кесиптик өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

