Жанылыктар

Кесиптик орто билим берүү студенттеринин академиялык мобилдүүлүгү

Кесиптик орто билим берүү студенттеринин академиялык мобилдүүлүгү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик колледжи менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кесиптик орто билим берүү (Колледжинин) ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында кызматташуу келишими түзүлүп, анын негизинде студенттер жана окутуучулар алмашуу ишке ашырылууда.

Келишимге ылайык, 2025-жылдын 24-февралынан 7-мартына чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледжине) Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн ПОВТиАС-9-1-23 жана ИБАС-9-1-23 топторунун студенттери жөнөтүлдү. Ошондой эле, 2025-жылдын 18-мартынан 25-мартына чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледжинин) ПОВТАС-9-1-23 жана БАС-9-1-23 топторунун студенттери Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжинде бир жумалык окуудан өтүштү.

Студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, башкаруу системасын өркүндөтүүгө, И.Раззаков атындагы КМТУнун миссиясын аткаруу жана КОББ (Колледждин) стратегиялык максаттарына жетүү максатында тышкы жана ички интеграциялык байланыштарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар