Жанылыктар
КМТУда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
21-март күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жаздын жарчысы – Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.
Университеттин чоң жыйындар залында өткөн майрамдык иш-чарага ректорат баштаган профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана ардактуу меймандар катышып, улуттук маданияттын көркүн, тарыхый каада-салттардын баалуулугун даңазалаган көз жоосун алган иш-чарага күбө болушту.
Майрамдык салтанаттын алкагында студенттердин колунан жаралган этнографиялык көргөзмө уюштурулуп, ага улуттук кийимдер, кол өнөрчүлүк буюмдары жана салттуу жасалга элементтери коюлду. Бул көргөзмө кыргыз элинин маданиятын жана жаш муундардын чыгармачылыгын чагылдырган ачык аянтчага айланды.
Салтанат таланттуу студенттердин улуттук бийи менен ачылып, сахнада “тушоо кесүү” зыйнаты, аластоо жана үрөн чачуу жөрөлгөлөрү жандуу аткарылып, майрамдын өзгөчө шаӊын арттырды. Ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган “Этно” көрсөтүүсүндө улуттук кийимдер заманбап интерпретация менен тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Концерттик программа улуттук ыр-бийлер менен коштолуп, “Бекбекей”, “Шырылдаң”, “Сары ой”, “Гүлдөй жан” сыяктуу чыгармалар жаңырып турду. Майрамдык концерттин кульминациясы катары жалпы катышуучулар “Кыргызстан” ырын чогуу аткарып, улуттук биримдиктин символуна айланган ак баталар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ректор М.К.Чыныбаев жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктап, жаз майрамы ар бир адамга бакубат турмуш, тынчтык жана ийгиликтерди алып келсин деген каалоосун билдирди.
Салтанаттын алкагында университеттин мыкты кызматкерлери жана майрамды уюштурууга активдүү катышкан жарандар Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Ак ниеттүү үзүрлүү эмгеги жана университеттин өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 17-март 2025-ж. № 1/62 «Сыйлоо жөнүндө» буйругунун негизинде Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) «Орус тили жана адабияты» сабагынын окутуучусу Шерипбекова Асель Анаркуловна КМТУнун «Ардак грамотасы» менен сыйланды, жана Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) «Дене тарбия» сабагынын окутуучусу Арстанбек уулу Нурбек «Ыраазычылык кат» менен жана Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) «Архитектура жана дизайн» бөлүмүнүн башчысы Кадоев Мурат Эркинбекович эмгек китепчесине жазуу менен «Алкыш» жарыялоо сыйлыгы менен сыйланды.

