Жанылыктар
КОББ (Колледж) окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кесиптик орто билим берүү (Колледж) окутуучулары Кулчунова А.А., Бакасова Э.И. жана Райымбекова Ж.Р. планга ылайык 72 сааттык көлөмдөгү «Педагогикалык чеберчилик» программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык илимий-методикалык борбору тарабынан 2025-жылдын 3-мартынан 13-мартына чейинки аралыкта орто кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн уюштурулган.
Курстун жүрүшүндө төмөнкү темалар каралды:
• Заманбап педагогика жана психология: теория жана практика.
• Окутуучунун XXI кылымдагы педагогикалык чеберчилиги: стратегиясы жана аракети.
• Заманбап педагогикалык технологиялар доорунда окутуучунун ролу.
• Заманбап шарттардагы педагогикалык баарлашуунун чеберчилиги.
• Педагогикалык башкаруунун куралдары жана техникасы.
• Билим берүүдөгү инклюзия: принциптери, практикалары жана чакырыктары.
Педагогикалык тажрыйба алмашуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында угуучулар Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик колледжине барып көрүштү.
Курсту өткөрүү үчүн төмөнкү тренерлер тартылды: Добаев К.Д. - п.и.д., профессор, Ниязова А.М. - п.и.к., доцент, Турсунова Э.А. - улук окутуучу, Абдылдабеков Б.А. - улук окутуучу жана курс интерактивдүү форматта лекцияларды, мастер-класстарды жана практикалык сабактарды камтуу менен өткөрүлдү. Курсту аяктагандан кийин белгиленген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык илимий-методикалык борборунун директоруна жана кызматкерлерине мындай курстарды уюштургандыгы үчүн, тренерлерге жемиштүү тренинг-семинар үчүн, орто кесиптик билим берүү системасында иштеген бардык кесиптештерге – ушул курстардын угуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.

