Жанылыктар

КМТУ ири ишембилик өткөрдү

КМТУ ири ишембилик өткөрдү

2025-жылдын 15-март күнү И. Раззаков атындагы КМТУ жамааты Улуттук тазалык күнүнө арналган республикалык ишембиликке активдүү катышты.

Тазалоо иштери бардык үч кампустун жана ага чектеш аймактардын айланасында жүргүзүлдү.

Ишембиликке КМТУнун Н.Исанов кампусундагы Кесиптик орто билим берүү (Колледж) окутуучулары жана студенттери катышып, окуу корпустарынын аймагын тазалашты, жалбырактарды жыйнап, арыктарды тазалап, жашыл зоналарды иретке келтиришти.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгынын негизинде уюштурулуп, тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүүгө багытталган.

КМТУ таза айлана-чөйрөнү сактоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү демилгелерин колдоону улантат!

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар