Кыргызский Государственный Технический Университет им. И. Раззакова

Новость


     “Электроэнергетика” кафедрасы  2020- жылдын 6 –майынан 25 –майына чейин “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ  жана  И.Раззаков атындагы КМТУ тарабынан өткөрүлгөн  Кыргыз Республикасында СТЕМ билим берүүнү өнүктүрүүнүн жана  кыздарды  инженердик адистиктерге тартуунун  алкагында СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» интерактивдүү мектебине активдүү катышты.    
     СТЕМ «Илим кыз» онлайн мектебинин максаты: Кыргыз Республикасында кыздардын  илим багытындагы кесипти тандоосуна багыт берүү.  Бул мектепке Кыргызстандын ар кайсы облустарынан 200гө жакын 10-11-класстарынын окуучу кыздары катышты.
     «Электроэнергетика» багыты боюнча  кафедранын ага окутуучусу Жолдошова Б.М. жана ушул кафедранын Кыргыз энергоситемасында жана Германияда окуп жана эмгектенип жаткан бүтүрүучүлөрү :  Авазов  А., Бекжан кызы Б. (ОАО НЭСК), Эмих А. ( Клиника Шарите. Германия ) , Бекбоев М.  (Компания BTF, Германия), Кубакаев И. (Бойт атындагы Берлин техникалык университинин магистранты) катышышты.